Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды


Төрөбай Зулпукаров. 2019-жыл.
Төрөбай Зулпукаров. 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду абактан үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бүгүн 24-августта анын бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто каралып, Биринчи Май райондук сотунун аны 30-сентябрга чейин абакта кармоо тууралуу чечими күчүндө калтырылганын "Азаттыкка" мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган жана ага Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген. Ушул эле күнү мындай айып менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков камалган. Шаардык сот 11-августта анын да бөгөт чарасын карап, 30-сентябрга чейин камакта калтырган.

Бүгүн шаардык соттун алдында Зулпукаровдун тарапкерлери акция уюштуруп, бошотууну талап кылышкан.

Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG