Нурматов: Коронавирус менен ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандар

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус жуктуруп алып азыр дарылануудан өтүп жаткан бейтаптардын 99% вакцина албагандар. Бул тууралуу 24-августта Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Нурматов Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштаганын, ошого карабастан ар бир адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу керектигин, себеби вирус жаңы болгондуктан ал толук изилденип бүтө электигин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду.

Бүгүн 24-августта бул илдет менен 199 бейтап жаңы катталды. Июндун башында бир күндө 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Эмделгендер 1 миллиондон ашты. Алардын 377 миңи вакцинанын эки дозасын тең алды. (RK)

Дагы караңыз

Нурматов: COVID-19 боюнча абал турукташууда, бирок дале этият болуу зарылТөрөбай Зулпукаров камакта калтырылдыCOVID-19: Документ жасап саткандар жөнүндө журналисттик иликтөө чыкты (видео)Коррупциянын ооган армиясын кыйраткан күчү