2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-августта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Ошондой эле, Ички аскерлердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен 1-сентябрдан тарта алардын 1 жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн бир жылы эки жылга тете деп эсептелет.
Жапаров Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы күрөшөрүн белгиледи.
Өлкөдө ар кандай акциялар, митингдер учурунда мамлекет ички аскерлерди элге каршы пайдаланат деген нараазычылыктар айтылып келет. (JsA)
Дагы караңыз
Аба ырайы: кээ бир аймактарда жаан жаайтНурматов: Коронавирус менен ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандарНурматов: COVID-19 боюнча абал турукташууда, бирок дале этият болуу зарылТөрөбай Зулпукаров камакта калтырылдыCOVID-19: Документ жасап саткандар жөнүндө журналисттик иликтөө чыкты (видео)