УКМК: Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келген жок

Кабул абамайданындагы качкындар.

Кабул абамайданындагы качкындар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Кыргызстанда социалдык тармакта талкууланып жаткан "өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү" деген маалыматтарды төгүндөдү.

"Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошентсе да кыргыз чек арачылары Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чегиндеги абалды көзөмөлдөп турат. Коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашуулар жүрүүдө", - деп билдирет аталган бөлүм.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасында коопсуздук көзөмөлдө деп билдирди. Ооганстандын жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза режими жөнөкөйлөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча жылына оогандыктар Кыргызстандан виза алуу үчүн 300дөн 500гө чейин документ тапшырышат. Алардын 300дөйү билим алуу үчүн виза тапшыргандар.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан. (BCh)

Дагы караңыз

Ишенапысова: коронавируска каршы эмдөөдөн адам өлүмү катталган жокЗулпукаровдун бөгөт чарасын кароо 24-августка жылдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиМарипов: ЕАЭБ алкагында эркин соода алакасына жетишүүбүз керекСадыр Жапаров ЕАЭБ алкагында вакцина өндүрүүнү сунуштады