Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында вакцина өндүрүүнү сунуштады


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров мындай сунушун бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчы акыркы эки жылда уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасына коронавирус пандемиясы терс таасирин тийгизгенин билдирип, биримдик алкагындагы соода алакасы мурдагы калыбына кийинки жылы түшөт деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы Кыргызстандын эле эмес, биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык өсүштүн жана өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз".

Садыр Жапаров коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мамлекет башчысы мындан тышкары биримдик алкагында жалпы рынокту түзүүгө жана евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган максаттар ишке ашканын белгиледи. Алардын ичинде пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу, "Чек арасыз жумуш" жана "COVID жок саякат" долбоорлорун ишке киргизүү жана "ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өндүрүштүк саясатынын негизги багыттары" документин атады.

Мамлекет башчы Жапаров ЕАЭБдин бүгүнкү жыйыны уюм алкагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө, натыйжалуу иштешине салым кошот деген ишеничин билдирди.

Жыйынга келген өкмөт башчылары Биримдик алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн өз ара кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алаканы чыңдоого жана башка маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен катышып жаткан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG