Ишенапысова: коронавируска каршы эмдөөдөн адам өлүмү катталган жок

Оштогу эмдөө борбору.

Кыргызстанда 29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүндө адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова кабарлады.

"Фейсбукта" эмдөөдөн кийин Кант шаарында бир адам каза болгону айтылууда. Биз бул боюнча изилдөө жүргүздүк. Ал кишинин кошумча жүрөк, кан тамыр оорулары бар экен. Анын өлүмүнө вакцина себеп болбоптур. Ал эми бир айдай мурда Бишкектеги травматалогия жана ортопедия илим изилдөө борборунда көз жумган Назгүл Исакованын сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилди. Жыйынтыгы эки айдан кийин чыгат экен, күтүп жатабыз. Аны эмдеген жердеги вакциналарды сактоо шарттары толук текшерилип, эреже бузуу катталган жок".

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 946 миңден ашты.

Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызстандагы альпинизм: опурталдуу туризмдин келечегиМарипов: ЕАЭБ алкагында эркин соода алакасына жетишүүбүз керекСадыр Жапаров ЕАЭБ алкагында вакцина өндүрүүнү сунуштадыМамин: Эмдөөнү кечеңдетүү, табияттын өзгөрүшү экономиканы артка тартатАкжол Махмудов спорттук формасын сатыкка койду