Ооганстанда калган кыргыз жарандарынын коопсуздугу камсыздалган, баары менен телефон аркылуу байланыш бар, учурда аларды эвакуациялоонун жолдору караштырылып жатат. Бул тууралуу 19-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ооганстанда түзүлгөн аскердик-саясий абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров ал жакта убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды алып келүү тапшырмасын берген, учурда бул иш уланууда.
Бүгүнкү күнгө карата, ТИМ билдиргендей, Ооганстандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланды. Алардын 15и Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке жеткирилди. Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилген, азыр аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору караштырылып жатат.
Ооганстандын аймагында дагы канча кыргызстандык калганы тууралуу айтылган жок.
"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)
Дагы караңыз
Жапаров: ЕАЭБ өнүгүшү үчүн уюмдун жоболору бардык мүчөлөргө бирдей иштеши керек Марипов Ооганстандагы окуялардын кооптуулугун эскерттиКыргыз-орус ишкерлеринин форумунда 13 документке кол коюлдуПрезидент Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолукту