COVID-19: 249 адам жаңы катталып, 6 киши көз жумду

Коомдук транспорттогу эскертме. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы штабдын 19-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 249 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 498 киши илдеттен айыгып чыкты, 6 адам оорудан көз жумду.

Жаңы катталгандардын ичинен:

  • Бишкек - 84;
  • Ош шаары - 3;
  • Чүй облусу – 77;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 13;
  • Нарын облусу - 12;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу - 16 адам катталды.


Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 173 186 адам болду. Оорудан 164 842 киши сакайды. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2468 адам.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус илдети кыска аралыкта бүт дүйнөнү каптады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 18-августка карата берген маалыматына ылайык, бул илдетке 210 миллиондон ашуун адам чалдыгып, 188 миллиондон ашууну сакайды. Жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандардын саны 4,5 млн. адамга чукулдады.(ZKo)

Дагы караңыз

Байден: Аскерлер чыккандан кийин Ооганстанда башаламандык болбой койбойт элеЕвробиримдик Беларустун чек арадагы аракетин “агрессивдүү” деп баалоодоУКМК: Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдөСайназаров: Ооганстанды изоляцияда калтырбаганга аракет кылуу керекКыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты ИИМ: Чолпон-Атадагы саммитке байланыштуу жолдор улам жабылып туратТИМ: Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууландыОрозобекова: Коррупция тыйылбаса элдин радикалдашуусу күчөйт"Талибандын" күмөн жараткан убадасыИманкулов: Талибдерди көрүп "шыктангысы келген" радикал күчтөргө мүмкүнчүлүк бербейбизИран уран байытууну тездеткенин ырастады