Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Орозобекова: Коррупция тыйылбаса элдин радикалдашуусу күчөйт


Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

Мамлекеттик система коррупцияны токтотпосо, тазаланбаса эл арасында радикалдашуу маанайы күчөй бериши ыктымал. Мындай пикирин 18-августта “Азаттыкка” Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова билдирди.

Ооганстандагы соңку окуялар талданган “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Орозобекова “Талибандын” Борбор Азияга кол салуу ниети жоктугун, бирок дагы эле сакталып турган “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” террордук уюмдарына колдоо көрсөтөрүн, себеби түпкү идеясы бир экенин, талибдердин бийликке келиши менен алар күчтөнөрүн белгиледи.

Террорчулук менен коррупциянын байланышы тууралуу айткан Орозобекова аймакка жана Кыргызстанга жаралган коркунучту төмөнкүчө мүнөздөдү:

“Азыр Бадахшанда террордук топтор турат, арасында тажиктер, өзбектер бар. Алар жанкечтилер. Диндин радикал агымдарына берилгендиктен халифат куруу идеясын ишке ашырууда “Талибандан” колдоо издеши мүмкүн. Дагы бир чочуткан жагдай – Борбор Азия ичинде ымала-ынтымак начар болуп жатат, жоочуларга коридор берип коюушу мүмкүн Кыргызстанга. Дагы бир фактор – биздеги күчөп жаткан ички радикалдашуу. Халифат курабыз дегендер ачык чыга баштады. “Талибандын” өзүндө башка өлкөлөргө кол салуу амбициясы жок. Кеп биздеги ички коркунучтарда. Экинчиден, коррупция менен терроризмдин байланышы бар экенин дайыма айтып келем. Мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайт. Себеби “светтик мамлекеттен ишеним таппайт экенбиз” деген маанай башка өлкөлөрдө да күчөп жатат эл арасында. Ошондуктан мамлекет иштеши керек, тазаланышы, элдин мүдөөсүн аткарышы керек. Антпесе радикалдашуу күчөй берет”.

Халифат куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG