Иран уран байытууну тездеткенин ырастады

Иран уранды байытуу жараянын тездетти деген МАГАТЭнин маалыматтарын ырастады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде 18-августта бул аракет АКШнын “өзөктүк келишимдин” шарттарын аткарбаганына жана санкцияларына жооп экенин билдирди.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук коопсуздук боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран Натанз шаарындагы ишканасында центрифугалардын экинчи каскадын колдонуп, тазалыгы 60% жеткен уранды байытып жатканын кабарлаган.

ISNA маалымат агенттиги жазгандай, Тегеран 2015-жылдагы “өзөктүк келишимдин” шарттары аткарылып, Кошмо Штаттар санцияларды алса өз милдеттемелерин аткара баштарын жазып чыкты.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Быйыл жыл башында Жо Байден АКШнын президенттик кызматына киришкенден тарта келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Дагы караңыз

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Чолпон-Атада жыйынга чогулушат Молдалиев: Талибдерде биригип иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок ички айырмачылыктары да көп Орозобекова: Коррупция тыйылбаса элдин радикалдашуусу күчөйт"Качкын" макамын алгысы келгендердин кайгысыОоганстан: биринчи вице-президент Салих "Талибанды" тааныбайт