Ооган президенти БАЭде экени дайын болду

Ашраф Гани

Ооганстанда “Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду ээлеген соң өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде экени белгилүү болду. Бул тууралуу БАЭнин Тышкы иштер министрлиги 18-августта жарыялаган билдирүүдө айтылат. Анда Гани жана үй-бүлөсү “гуманитардык негизде” өлкөгө киргизилгени белгиленген.

Ашраф Гани 15-августта Кабулду “Талибан” кыймылы басып алган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына “кан төгүүнү болтурбоо үчүн ушундай кадамга барганын” жазган.

Мындан соң анын Тажикстанга учуп келгени кабарланып, бирок расмий Дүйшөмбү бул маалыматты четке каккан эле. Андан бери 70 жаштагы Ашраф Ганинин кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Дагы караңыз

Кабулда төрөлүп, Бишкекте чоңойгон ооган кызТажикстандагы ооган элчиси легитимдүү президент катары Салихти атадыОоганстан: талибдер Жалалабадда акцияга чыккандарга ок аттыОоган жарандары Бишкекте пикетке чыктыМэрлик кызматка Бишкек менен Ошто бирден, Токмокто эки талапкер катталды