Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Тажикстандагы ооган элчиси легитимдүү президент катары Салихти атады


Мухаммад Захир Акбар
Мухаммад Захир Акбар

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Акбар өз өлкөсүнүн легитимдүү президенти катары биринчи-вице-президент Амрулла Салихти тааный турганын жарыялады. Бул тууралуу элчи 18-августта Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин «Азаттыктын» тажик кызматы жазып чыкты. Маалымат жыйынында Акбар Ооганстандын Баш мыйзамы боюнча президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен соң утурумдук ыйгарым укуктар биринчи вице-президент Амрулла Салихке өтөрүн айтты.

Элчи Ганинин өлкөдөн чыгып кетишин «элге жана мамлекетке чыккынчылык» деп атап, ал өзү менен кошо ооган элине таандык 169 миллион долларды алып кеткенин айтты.

Мындан кийин элчиликтин кызматкерлери дипломатиялык мекемедеги Ашраф Ганинин сүрөтүн алып, анын ордуна Амрулла Салихтин сүрөтүн илишти.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 15-августта Кабулду “Талибан” кыймылы басып алган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына “кан төгүнүүнү болтурбоо үчүн ушундай кадамга барганын” жазган.

Анын Тажикстанга учуп келгени кабарланып, бирок расмий Дүйшөмбү бул маалыматты четке каккан эле. Андан бери 70 жаштагы Ашраф Ганинин кайда экени расмий кабарлана элек.

17-августта вице-президент Амрулла Салих "Твиттердеги" баракчасына өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча президенттин ыйгарым укуктары ага өткөнүн жазып чыккан эле. Айрым маалымат каражаттары Салих «Талибанга» каршы күч жарыялаганын жазышууда.

Бир нече жыл Ооганстандын Улуттук Коопсуздук башкармалыгын жетектеген 49 жаштагы Амрулла Салих 2019-жылдагы президенттик шайлоодо Ашраф Ганини колдоп, кийин өлкөнүн биринчи вице-президенттигине бекиген.

XS
SM
MD
LG