Алмамбет Салиевдин тергөө абактагы мөөнөтү 16-октябрга чейин узарды

Алмамбет Салиев.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 18-августтагы чечими менен президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы 16-октябрга чейин узартылды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун катчылыгы кабарлады.

УКМК Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Салиев күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Атайын кызмат ал Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкенин, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын-дооматтар айтылып келген.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстан: Гани, Дустум баштаган оогандар биздин аймакта эмес Жогорку соттун судьялыгына сынак жарыяландыТажикстандагы ооган элчиси легитимдүү президент катары Салихти атадыФарид Ниязов: Инандыга жарандык мыйзамдуу берилгенCOVID-19: Жаңы Зеландияда кайрадан чектөө киргизилдиБаткен: Чек ара отрядынын жоокери курал текшерип жатып жаракат алдыОрусияда полиция Навальныйдын тарапкерлерин суракка алды