Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин 57,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 41 300 (57,5%), экинчи дозасын 31 622 (44%) медицина кызматкери алган.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген кызматкерлердин 2978и (77,6%) коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.
Мекемеде жалпы 3095 штаттык бирдик бар, анын 117 оруну бош.
18-август, саат 14:30гө карата Кыргызстан боюнча жалпы 910 миң адам эмдөөдөн өттү.
18-августка карата Кыргызстанда 260 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 534 адам сакайып чыкты. Беш адам көз жумду.
Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны - 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар - 164 344 киши. Илдеттен 2462 адам көз жумду. (МТа)
Дагы караңыз
Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдүАКШ Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин убактылуу жаптыФарид Ниязов: Инандыга жарандык мыйзамдуу берилгенОоганстан: паранжанын "кайтып келиши"