COVID-19: 260 адамдан вирус аныкталып, 5 киши көз жумду

Коронавирустан дарылоочу ооруканалардын бири. Бишкек. Май, 2021-жыл.

18-августка карата Кыргызстанда 260 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 534 адам сакайып чыкты. Беш адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы ыкчам штаб кабарлады.

Бишкек - 114
Ош шаары - 4
Чүй облусу – 73
Ош облусу – 14
Талас облусу - 15
Нарын облусу - 7
Ысык-Көл облусу – 27
Жалал-Абад облусу – 15
Баткен облусу - 0


Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны - 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар - 164 344 киши. Илдеттен жалпы 2462 адам көз жумду.(ZKo)

Дагы караңыз

Ашраф Гани эмнеден жазды?Уй эти кайра кымбаттоодоАк илбирсти коргоого арналган марафонго даярдык башталдыМАГАТЭ: Иран уранды байытуу ишин тездетти"Талибан" Ооганстанда аялдар укугу "ислам алкагында" урматталарын билдирдиЕБ: Гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн “Талибан” менен диалогго даярбызИри өлкөлөрдүн баары Ооганстандагы элчилигин эвакуациялашты"Талибандын" убадасы, Борбор Азиядагы камтамачылык Өзбекстандын муфтийи коронавирустан каза болгону ырасталдыКыргызстан Кумтөрдөгү башкаруусун узартты