Кыргызстандагы ак илбирстерди коргоого жана сактоого арналган кезектеги эл аралык жарым марафонго даярдык башталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чараны уюштуруп жаткан Nomad Sport компаниясы билдирди.
“Үлгү бол!” деген ураан менен уюштурулган жарыш 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрүндө өтөт, жалпысынан 70 байге даярдалууда.
Компаниянын өкүлү Айгерим Абакированын айтымында, 2019-жылы өткөн алгачкы марафондон түшкөн акчага жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп туруу үчүн 32 фото жабдык сатылып алынган:
“Биринчи максат – адамдарды чуркоого, дени сак болууга чакыруу. Экинчи жана башкы максат – марафондон түшкөн акчага бул жолу ак илбирсти коргоо менен алектенген “Ысык-Көл” биосфералык территориясынын дирекциясы үчүн эки “Нива” автомашинасын сатып берүү. Автоунаанын бул түрү жетүүгө оор болгон жерлерге айдап барганга ыңгайлуу”.
Жарышка катышууну каалагандар өзүнө 21, 14, 5 жана 1 чакырымдык дистанциянын арасынан каалаганын тандап алса болот. 100, 200 жана 500 метрлик аралыктагы жарышка 3-10 жаштагы балдар да катыша алат.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстан Кумтөрдөгү башкаруусун узарттыБишкек: мэрликке талапкер каттоо аяктоодо, азырынча бир арыз түштү"Азыркы "Талибан" 20 жыл мурдагыдай эмес"«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү