Өзбекстандын муфтийи коронавирустан каза болгону ырасталды

Өзбекстандын мурдагы муфтийи, маркум Усманхан Алимов.

Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов Москвадагы ооруканада коронавирустан көз жумганын «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазды.

Көз жумганга чейин Алимов бир нече күн комада жаткан. Июль айында муфтийдин саламаттыгы начарлаганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы мындай сөздөргө негиз жок экенин билдирген.

Ооруканага жатардын алдында Усманхан Алимов президент Шавкат Мирзиёевдин шайлоо кампаниясына катышып жүргөн. Ал аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Бул иш-чаралар өлкөдө коронавирус чектөөлөрү күчөп турганда өткөн.

Алимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-августта Самарканд облусунда өттү. Ошол эле күнү президент жана өкмөт башчы Абдулла Арипов маркумдун үйүнө барып, жакындарына көңүл айтышты.

Дагы караңыз

Чүй - Ысык-Көл жолундагы кыймыл убактылуу чектелет Москва облусунда учак кырсыгынан үч адам каза болду Кыргызстан Ооганстандагы бардык тараптарды туруктуулук орнотууга чакырдыОрусия аннексиялап алган Крымда беш крым татары кармалды