Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Орусия аннексиялап алган Крымда беш крым татары кармалды


Ростов-на-Дону шаардык сотундагы крым татарлары. 16-август. 2021-жыл.
Ростов-на-Дону шаардык сотундагы крым татарлары. 16-август. 2021-жыл.

Орус бийлиги Кремл аннексиялап алган Украинанын Крым аймагында беш крым татарын өз үйлөрүнөн кармап кетти. «Крым тилектештиги» уюму «Азаттыкка» 17-августта билдиргендей, алардын арасында Строгоновка айылынын имамы Раиф Февзиев дагы бар. Крым татарлары кандай менен себеп кармалганы тууралуу маалымат берилген жок.

Украинанын омбудсмени Людмила Денисова орусиячыл бийликтин бул кадамдарын сынга алып, эл аралык коомчулукту Москвага басым жасап, адам укуктарын бузганды токтотууга чакырды.

16-августта орус соту төрт крым татарын «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө деген кине менен 12ден 18 жылга чейин кескен. Бул уюмга Орусияда тыюу салынганы менен, Украинада эч кандай чектөө жок.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан бери орус бийлиги ондогон крым татарларын ар кандай уюмдарга мүчө деген айып менен эркинен ажыратты. Алардын көбү орус бийлигине каршы чыккандар.

XS
SM
MD
LG