Москва облусунда аскердик-транспорттук учак кырсыктап, ичиндеги экипаждын үч мүчөсү тең каза болду. Алардын башында эмгек сиңирген учукуч, Орусиянын баатыры Николай Куимов турган. Бул тууралуу Орусиянын бириккен авиакурулуш корпорациясы билдирди.
Күбөлөр тарткан видеодо учак аэродромго жакындап келатканда оң тарабы күйүп жатканын көрүүгө болот. Андан соң ал тең салмактуулугун жоготуп, токойго кулап түшкөн.
Ушул тапта учак түшкөн жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.
Ил-112В – Орусияда баштан аяк чогултулган алгачкы аскердик-транспорттук учак. Кырсыктаган учак Москва облусунда өтө турган "Армия-2021" эл аралык аскердик-техникалык форумда көрсөтүлмөк.
Дагы караңыз
Кыргызстан Ооганстандагы бардык тараптарды туруктуулук орнотууга чакырдыОрусия аннексиялап алган Крымда беш крым татары кармалдыЧүй - Ысык-Көл жолундагы кыймыл убактылуу чектелет Талибдер ооган аткаминерлерине мунапыс убада кылды