Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган коллекциялык монеталар чыкты

Улуттук банк.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Улуттук банкы 16-августтан тартып “Тарыхый окуялар” сериясынан алтындан жана күмүштөн жасалган коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, монеталар “Эгемен Кыргызстанга 30 жыл” деп аталат.

100 сомдук номиналдагы алтын монетанын баасы 50 миң сомдой, ал эми 10 сомдук номиналдагы күмүш монетанын наркы 3 410 сом деп аныкталды. Ар бири атайын кутучага салынып, сапат сертификаты тиркелди.

Буга чейин коллекциялык монеталар эгемендиктин 20 жана 25 жылдыгына карата да чыгарылган.

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстан ооган качкындарын кабыл ала алатКыргызстан ооган качкындарын кабыл ала алат | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 16.08.21Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттүОрусиядан Тажикстандын 33 жараны чыгарылат