Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү


Жолугушууга Баткен жана Согд облустарынын башчылары катышты. 2021-жылдын 16-августу.
Жолугушууга Баткен жана Согд облустарынын башчылары катышты. 2021-жылдын 16-августу.

Бүгүн 16-августта кыргыз-тажик чек арасында, Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү.

Облустук администрациянын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жолугушууга чектеш райондордун башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Тажик тараптын аң казуу аракеттерине жол бербөө маселеси көтөрүлдү:

“Мындан ары андай кадамдарга жол бербөө, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн биргелешкен патрулдук кайтаруусун күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү тапшырылды. Чек аралаш аймактарда кошумча видеокөзөмөл каражаттарын эки тараптан макулдашуу жолу менен гана коюу, аң казуу иштерин кайрадан болтурбоо талабы коюлду. Калк арасында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу максатында акимдерге жана айыл башчыларына тез арада түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу жагы сунушталды. Эки жак тең бирин бири жакшы түшүнүп, жакшы жыйынтык менен кайтышты”.

Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-августтан баштап чек арачылар жана милиция чек арага жакын аймактарда терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча биргелешкен окутуудан өтүшөт.

Жакында Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

XS
SM
MD
LG