Эгемендиктин балдары: кусага толгон жылдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттык" Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендиктин балдары" түрмөгүн баштады. 30 жаштагы Данияр Назаралиев 1990-жылдардагы каатчылыктан улам мекенин таштап, мигрант болуп кеткен үй-бүлөнүн уулу. Тестиер кезинде Алматыдагы базарда иштеген ата-эненин жанында, кийинчерээк чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон. Ал миграция өзүнө окшогон бир муунду ата-эне мээриминен өксүткөнүнө кейийт.