Ысык-Көлдө Үркүн окуялары эскерилди

Үркүндүн курмандыктарына арналган мемориал. Каракол шаары.

“Тосор коому” бирикмеси 15-августта Үркүн окуяларын эскерип, жөө жүрүш уюштурду. Аталган уюм 2021-жылдын август айынын экинчи жарымынан тарта жыл сайын жөө жүрүш өткөрө турган болду. Бул тууралуу уюмдун төрагасынын милдетин аткаруучу Тыныбек Жукешов билдирди.

“Тосор жана Тамга айылдарынын ортосунда Кыргын-Сай деген жерде 1916-жылы орус жазалоо отряды көл өрөөнүнөн колго түшүрүлгөн кыргыздарды жок кылган. Биз ошол ата-бабаларыбыз каза тапкан жерге келип, аларды эскердик, алар баскан жолдор менен жөө жүрүш кылдык. Бул окуя кыргыздын тарыхындагы эң кайгылуу окуя, жүздөгөн адамдарыбыз өлтүрүлгөн жыл”,- деди ал.

Кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири - Үркүнгө быйыл 105 жыл болду. 1916-жылдагы каргашалуу окуялар жыл сайын августтун биринчи жумасында эскерилет. (KS)

Дагы караңыз

Жаңы конуштар мыйзамдаштырылатАбанын ысышынан айрым өлкөлөр жоголотТүркия: жаратылыш кырсыктары бийликке сынды күчөттүОоганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кеттиБаграм аба базасы "Талибандын" колуна өттү