Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Түркия: жаратылыш кырсыктары бийликке сынды күчөттү


Куткаруучулар калкты коопсуз аймакка көчүрүүдө. Кастамону аймагы, 12-август.
Куткаруучулар калкты коопсуз аймакка көчүрүүдө. Кастамону аймагы, 12-август.

Түркияда акыркы апталарда табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жарандардын саны өсүүдө.

Түркиянын Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өлкөнүн түндүгүндөгү селден каза болгондор 15-августка карата 59 адамга жеткенин билдирди. Жүздөгөн адам изделүүдө.

Кара деңиздин жээгине жакын жайгашкан провинциялардагы сел өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин башталган. Кастамону провинциясындагы Бозкурт шаары эң көп жабыр тартты. Бул провинцияда жалпысынан 49 адам каза болду. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу мындай кырсык Түркиянын тарыхында буга чейин болбогонун айтты.

"Бул мен көргөн эң оор апаат. Буга чейин жүргөн селден 5 эсе көп деп айта алам. Суу каптаган аймак чоң болгондуктан, жабыркагандар да көп болду. Ошол эле учурда биздин жарандар туш болгон жагдайга көп жумуп тура албайбыз. Алардын кандай кооптуу жерде жашап жатканын билебиз",- деди Сойлу.

Селден жабыркаган турак үйлөр.
Селден жабыркаган турак үйлөр.

Дал ушул Карадеңиз аймагындагы Дерели районун бир жыл мурда да суу каптап, сел алган. Анда онго жакын жаран каза болуп, бир райондогу турак жайлар толугу менен жараксыз болуп калган эле.

Ал эми 14-августка карата маалыматка ылайык, суу каптаган аймактардан жалпысынан эки миңден ашуун адам эвакуацияланды. Учурда алты миңге жакын куткаруучу бузулган үйлөрдү жана толугу менен талкаланган имараттардын урандыларын текшерүүнү улантууда.

Ишемби күнү түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган табыгый кырсык болгон жерге барып, сел жана өрттөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам кампаниясы башталганын билдирген.

Режеп Тайип Эрдоган.
Режеп Тайип Эрдоган.

"Биз селден жабыркаган жарандарыбыздын зыянын толтуруу үчүн иштей баштадык. Каза болгондорду кайра кайтара албайбыз, бирок биздин өлкөдө кенемтелерди камсыздоого күч, каражат жана чечкиндүүлүк бар. Зилзала, сел жана өрттө Түркиянын эч кимге көз каранды эмес экенин көрсөттүк",- деди Эрдоган элге кайрылып жатып.

Өлкө президентинин бул жарлыгы соцтармактарда жана айрым оппозициячыл партиялардын арасында чоң талкуу жаратты. Алар бийликти калк чөнтөгүнөн кырсыктардын зыянын жабат деп сынга алышты.

Суу ташкыны жүздөгөн автоунаа, мал-жан, айдоо жерлерин жууп кетти.
Суу ташкыны жүздөгөн автоунаа, мал-жан, айдоо жерлерин жууп кетти.

Кастамонунун Бозкурт районуна селден келтирилген катуу зыян боюнча да ар кандай пикир айтылып жатат. Буга кырсыкка аймактагы ГЭСтин дамбасынын жарылышы кошул-ташыл болду деген сөздөр себеп болду. Провинциянын жетекчилиги шаршемби күнү "Твиттер" аркылуу билдирүү таратып, бул дооматты четке какты.

Түркиянын түндүгүн суу ташкындары убайым кылып жатса, түштүгүндө өрт толук токтой элек. Бийлик 28-июлда башталган тилсиз жоо 14 миң гектар токой аянтын күлгө айлантканын моюнга алды.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ал эми ишембиде Түркиянын түштүгүндөгү Кахраманмараш провинциясында Орусиядан ижарага алынган өрт өчүрүүчү БЕ-200 учагы кырсыкка учураганы, беш орусиялык жана үч түрк учкучу каза болгону кабарланды. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки өлкөнүн элине көңүл айтты.

"Кахраманмараштагы учак кырсыгында түрк жана орусиялык экипаждардын каза болгондугуна терең кайгырып турам. Өз элиме жана орус элине көңүл айтабыз. Алардын баатырдык ийгиликтер унутулбайт",- деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына.

Жетүүгө кыйын аймактардагы өрттү өчүрүүгө ыңгайлашкан, бортунда 12 тонна сууну көтөрө ала турган БЕ-200 учагы Түркияга токойду каптаган өрттү өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн. Буга чейин Украина, Азербайжан, Иран жана Испаниядан да өрт өчүргүч учактар жана тик учактар келген. Алар дагы деле токойлор жана тоолордо чыккан өрттү өчүрүп жатат.

Түркия дээрлик эки жумадан бери табият кырсыктары менен күрөшүүдө. Анкара жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүнө убада берген. Өлкөдөгү ыктыярчылар кырсык болгон аймактарга тамак-аш, кийим-кече жана материалдык жардам жеткирип жатышат. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар.

Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяларды климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып келишет.

XS
SM
MD
LG