Садыр Жапаров “Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу үн катты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жакын арада тартыла баштаган “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы тууралуу үн катты. Ал аталган тасмага байланыштуу өзүнүн аты аралашып жатканын, тасманын продюсери менен буга чейин жолукканын Фейсбук баракчасында төмөнкүдөй билдирген:

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жатканы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат. Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям? Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом. Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, ак сакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз деген шарт койгом", -деди Жапаров.

"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы июль айынын соңунда тартыла баштаган. Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков ага өлкө президенти Садыр Жапаров да колдоо көрсөтүп жатканын айткан.

Ал эми мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат" деген маалымат туура эмес экенин 2-августта “Азаттыкка” билдирген. Бюджети 1 млн. долларды түзгөн бул тасма тууралуу эл ичинде буга чейин да кайчы пикирлер айтылып келген. (MZh)

Дагы караңыз

Президент коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алдыТажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтоттуАдвокат: Атамбаевдин саламаттыгы боюнча экспертиза создугуп жататТалибан Борбор Азия өкүлдөрү менен сүйлөштү