Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Талибан Борбор Азия өкүлдөрү менен сүйлөштү


Газни. 12-август, 2021-жыл.
Газни. 12-август, 2021-жыл.

Талибан кыймылынын өкүлдөрү Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын бийлик адамдары менен сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлады.

Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен Талибан кыймылынын жетекчилиги Катарда өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу аталган кыймылдын расмий өкүлү 12-августта кабарлады. Андагы маалыматка ылайык, Талибандын лидерлеринин бири молдо Абдул Гани Барадар Катардын борбору Дохада Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев жана Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча чабарманы Исматулла Иргашевге жолуккан.

Анда Ооганстандагы соңку кырдаал жана Борбор Азиядагы өлкөлөр менен соода-сатык жүргүзүү маселелери тууралуу сөз болгон.

Талибандын расмий өкүлү Забихулла Муджахид Твиттердеги баракчасына Барадар менен Хажиев эки тараптуу мамилени, чек ара маселелерин, экономикалык долбоорлор жана Түркмөнстандын Ооганстандагы дипломатиялык миссиясынын коопсуздугу талкууланганын жазды.

Ошондой эле молдо Барадардын орус президентинин Ооганстан боюнча өкүлү Замир Кабулов менен да жолукканы белгилүү болду.

Бул соңку күндөрү Ооганстанда улам бир аймакты басып алып жаткан Талибан өкүлдөрүнүн Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен алгачкы байланышы эмес.

Буга чейин июль айында Талибан кыймылынын өкүлдөрү Ашхабадга келип, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолукканы кабарланган. Анда Түркмөнстандын аймагына кол салбоо жана качкындарды келтирбөө боюнча маселе талкууланганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары талибдер делегациясы Москвага келип, орус расмийлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 800 чакырымга созулат. Азыркы тапта талибдер Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен чектеш көпчүлүк аймактарын ээлеп алды.

Талибан Ооганстандагы чабуулдарын майдан тарта өлкөдөн АКШ баштаган эл аралык коалиция аскерлерин чыгара баштаганда күчөткөн. Кошмо Штаттар 31-августка чейин ооган жергесиндеги бардык аскерлерин чыгарууну көздөп турат.

Мындай шартта талибдер өлкөдөгү улам бир аймакты өзүнө каратууда. 12-августта согушкерлер Газни шаарын басып алганы белгилүү болду. Бул өлкөдөгү 34 аймактык борбордун онунчусу талибдердин колуна өттү дегенди билдирет.

Ооганстандын бийлик өкүлдөрү Газнинин губернатору Давуд Лагманинин кармалганын кабарлашты. Ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук башкармалыгына сурак берип жатат.

Анын алдында Лагмани түшкөн автоунаалардын колоннасы талибдер шаарга кирер алдында Кабулга качып бара жатканы тартылган видео тараган. Бул бийлик өкүлдөрү согушкерлерге эч каршылык көрсөтпөй качып жатат деген сынды күчөткөн.

Өлкө борбору Кабулдан 150 чакырым алыстыктагы Газни стратегиялык мааниге ээ калаа. Ал колдон чыкса, ооган өкмөтү үчүн кыйын болорун жергиликтүү бийликтин өкүлү Насир Ахмад Факири буга чейин билдирген.

“Эгер борбордук бийлик Газнини коргоого тийиштүү маани бербей колдон чыгарсак, Кабул жана анын айланасындагы аймактар үчүн абдан чоң коркунуч жаралат”.

Газни борбор калаа Кабул менен өлкөнү экинчи ири шаар Кандагарды бириктирген кан жолдун боюнда жайгашканы үчүн маанилүү.

Айыгышкан салгылашуулар түштүктөгү Кандагар шаарында дагы уланып жатканы кабарланды. Айрым эл аралык маалымат каражаттары талибдерге таянып, Кандагарды да талибдер басып алганын жазып чыгышты.

Өлкөнүн түштүгүндөгү эң чоң шаар Кандагарды басып алуу Талибан үчүн стратегиялык жеңиш катары каралып жаткан.

Талибан кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерге" Кандагарды талибдердин жоочулары ээлегенин билдирип, видео жарыялады.

Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө ырастала элек. Азыркы мезгилде Герат шаарын көздөй чабуулдар күчөгөнү кабарланууда.

Американын чалгын кызматынын атын атабаган өкүлү Рейтер агенттигине билдиргендей, талибдер ооган баш калаасын жакынкы 30 күндүн ичинде курчап, үч айдын ичинде өз карамагына алышы мүмкүн. Ошону менен катар аткаминер ооган өкмөттүк күчтөрү жетиштүү каршылык көрсөтө алса, кырдаал башка нукта өзгөрүшү ыктымал экенин да четке каккан эмес.

Талибдердин тездик менен кол салуусу расмий Кабулду жана анын өнөктөштөрүн айран таң калтырууда.

XS
SM
MD
LG