Президент коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 13-августта Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасын алды. Биринчи дозаны ал 23-июлда алган.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор тууралуу көрсөткүч 12-августка карата 32% жетти.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 816 миңден ашты. Алардын 240 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 2 миллион 236 миң чамалуу запасы бар. Бул 13-августка карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш. 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 170 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, эки жарым миңдей бейтап көз жумду. (МТа)

Дагы караңыз

Катта-Тузда казылган аң кайра толтурулду"Телефон террорчусу" деп шектелген келин камакка алындыПрокуратура “Головной” суу бөлүштүрүү жайын оңдоодо акча уурдалганын билдирдиТажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтотту