Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат

Айбек Жунушалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындаган буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган. Ал “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирген.

50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барган. Алар кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришкен.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап же четке кагышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки шаарда мэр шайлоону 26-августка белгилеген.

Айбек Жунушалиев ким?

Ал 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн. Юриспруденция боюнча Улуттук университеттен билим алган.

Алгач Кыргыз улуттук университетинде темир уста-сантехник болуп иштеп, кийин аталган окуу жайда окутуучу болгон. Андан соң Чүй облустук администрациясында ар кандай жетекчилик жумуштарда иштеген. Ошондой эле, өкмөттүн аппараты менен президенттин канцеляриясында эмгектенген.

2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон. Кийинчерээк, өкмөттө иштеп, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

2021-жылы февралда өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалып, ушул эле жылдын май айында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон. (BCh)

Дагы караңыз

Сарыбашов мэрдин милдетин аткаруудан баш тартты 13-августтун аба ырайыМедицина тармагындагы эки илимий эмгек мамлекеттик сыйлыкка татыдыКыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт