Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин 12-августта социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө айтты. Анын ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев дайындалды.
Таалайбек Сарыбашов өз сөзүндө ага ишеним көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго рахматын айтып, “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирди.
“Өз каалоом менен Бишкек шаарынын мэрлигинен кетүүнү чечтим. Ишеним көрсөткөнү үчүн урматтуу президентибиз Садыр Нуркожевичке терең ыраазычылык билдирем. Акыркы үч жыл ичинде Ош шаарынын мэри катары кызмат кылдык эле. Үч жыл ичинде мүмкүнчүлүккө жараша иштеп, эл үчүн аз да болсо кызмат кылдык деп ойлойм. Жаңы максаттар, жаңы пландар менен Бишкек шаарына да кызмат кылып, борбор калаабызды мындан дагы жакшы кылып оңдойбуз деп пландаганбыз. Бир күнү сөзсүз Бишкек үчүн дагы өз салымыбызды кошорубузга ишенем. Менин кызматты тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул менин жеке чечимим”, - деди Таалайбек Сарыбашов видео кайрылуусунда.
50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барган.
Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришкен.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап, же четке кагышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки шаарда мэр шайлоону 26-августка белгилеген.
Сарыбашовду ээрчиген сын
Таалайбек Сарыбашов мэрдин милдетин аткара баштаган күндөн тарта эле ар кандай сындарга кабылды.
"Азия Ньюс" басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган.
Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сартбаевге кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ал Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча айыпталып жатат. Журналисттин интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар, же жогун аныктоо үчүн экспертиза дайындалганы айтылды.
Сарыбашов Ош шаарында мэр болуп турганда сын-пикирдин көбү калаадагы таза сууга байланыштуу айтылып келген. Анткени Ошто жамгыр жааган сайын суу токтоп, калаа жетекчилиги бул көйгөйдү бир нече жылдан бери чече албай келет. Мындан тышкары Ошто шаар тургундарына түзүлгөн шарттар боюнча дагы маселе көп. Ушундан улам Бишкектин мэринин милдетин аткарып баштаганы өлкөнүн саясий жана экономикалык борборунда иштеп кетүүгө дарамети жетеби деп суроо койгондор болду.
Бишкектин мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашовдун кеңешчиси Азамат Абсаттаров сын-пикирлерге мындай деп жооп берген эле:
“Сарыбашов Ош шаарынын мэрлик кызматына дагы сын менен келген. Бирок элдин колдоосу менен кызматын тапшырып берди. Албетте, анын дарегине интернет аркылуу сын айткан активисттер жок эмес. Ошол эле учурда шаар тургандарынын арасында колдоо күч. Тилекке каршы, таза суу маселесин жергиликтүү бюджеттин жардамы менен чечүү мүмкүн эмес. Ага көп акча керек. Сарыбашов Бишкек шаарына бир нече план менен келди. Шайлоо алдында программасы менен тааныштарат. Ал Бишкек шаарын башкаруу оор, түйшүктүү экенин жакшы түшүнүп турат”, - деген болчу.
Таалайбек Сарыбашов 2015-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Алай районунун акими болчу. 2018-жылы болсо Ош шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер болуп, 44 депутаттын колдоосу менен калааны башкарып калган. Буга чейин анын кош жарандыгы бар экени жана диплому жасалма экени айтылып келген. Бирок бул маалыматтарды Сарыбашов өзү четке кагып келүүдө.
Социалдык тармактарда Таалайбек Сарыбашовдун мэрликтен күтүүсүз кетиши таң калуу жаратты.
Эки күн, он күн мэр болгондор
Бишкек шаарынын мэрлик кызматы өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин премьер-министрлик орундан кем эмес талашка түшкөнү маалым. 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктан кийин Жоошбек Коёналиев аттуу адам сүрмө топ менен мэрияны басып алып, өзүн Бишкек шаарында элдик мэр деп жарыялаган.
Тополоңдон кийин эки күн дайыны чыкпай калган ошол кездеги мэр Азиз Суракматов кийин ишке чыгып, аралыктан иштегенин айткан эле. Суракматов 20-октябрда кызматын тапшырып, аны Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен түшүндүргөн.
Ал Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болуп, былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин иштен кеткен. Суракматов мэрликтен кетер алдында 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындап, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп калган.
Бирок өздөрүн жарандык активист жана Бишкектин тургундары катары тааныштырган адамдар мэриянын алдында митинг өткөрүп, Түлеевдин мэр болушуна каршы чыгышкан. Ушундан улам ал 22-октябрда кызматтан кеткенин айтып, мындай чечимди ошол кезде премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан, азыркы президент Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаганы бар. Мунун алдында Жапаров мурдагы мэр Азиз Суракматов Түлеевди аны менен кеңешпей туруп кызматка коюп кеткенин билдирген. Ошентип, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп эки эле күн иштеди.
Узакка созулган кызмат талаштан кийин шаардын жетекчилигине Балбак Түлөбаев келген эле. Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.
Бишкек шаарынын мэрлиги - чуулуу да кызмат. 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев “Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.
Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 6-октябрга караган түнү өргүүгө чыгып, ошол бойдон түрмөгө кайткан эмес. Ага издөө жарыяланган.
Азиз Суракматов "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шек саналып, быйыл 26-майда кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
16-июлда Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал калган каражатты да төлөй турганын билдирген.