Шаардык кеңештерине кайра шайлоонун жыйынтыгы расмий таанылган Бишкекте, Ошто жана Токмокто мэр шайлоо 26-августта өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аймактык комиссияларга шайлоону мыйзам чегинде жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштуруу тапшырмасы берилди.
Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.
Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.
Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар. Алар жети пайыздык шайлоо босогосунан өтө алышты.(RK)
Дагы караңыз
Арка: жаңжалда чыгым тарткан соодагерлердин үмүтүВладикавказ: ооруканада кычкылтек жетпей 11 бейтап каза болду12-августтун аба ырайыШаардык сот Нарымбаевди абакта калтырды