12-августта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында да жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Шаардык сот Нарымбаевди абакта калтырдыӨКМ: Дааратканадан куткарылган ымыркай кыздын абалы орточоКыргызстандын элчиси АКШдан жардам сурадыЫсык-Көл: айылдыктарды түйшөлткөн Асман шаары