Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

ӨКМ: Дааратканадан куткарылган ымыркай кыздын абалы орточо


Ымыркай доктурлардын колуна өткөрүлүп берилди.
Ымыркай доктурлардын колуна өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абадда дааратканадан куткарылган ымыркай кыздын абалын дарыгерлер орточо деп баалап жатышат. Бул тууралуу 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Токтогул шаарында болду. Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кызды алып чыгуу учуру.
Кызды алып чыгуу учуру.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышкан жана ал дароо милиция менен медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Балалуу болгонун жашыруу максатында төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап кетишкен учурлар буга чейин да катталган. Бишкекте ошентип ташталган кызды башкалар багып алгандан кийин өз энеси келип талашкан учур да болгону кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG