Түркмөнстан: жарандар VPN колдонбойм деп Куранга ант берип жатышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда бийлик үйүнө Интернет койдурууну каалаган жарандарга VPN кызматын колдонбоого Куранга ант берүүсүн талап кылып жатышат.

Бийлик буга чейин Интернетти чектөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп келген. Интернеттин ылдамдыгы бул мамлекетте ансыз да өтө жай.

Бийлик буга чейин Интернетти чектөө максатында Rohde & Schwarz немис компаниясы менен кызматташып келгенин «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы аныктаган.

Ал арада Түркмөнстандын Интернет эркиндиги боюнча дүйнөдө эң акыркы орундардын бирин ээлейт. Август айынын башында Интернет-технологиялар жаатына адистешкен Comparitech басылмасы жарыялагандай, Түркмөнстан Интернеттеги цензура жагынан Беларус, Иран, Кытай, Түндүк Корея жана Сирия менен бир катарда турат.

Түркмөнстанда Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактар ачылбайт

Дагы караңыз

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жетекчи алмаштыШвеция: аскер кылмыштарына айыпталган ирандыктын соту башталды Беларус аркылуу Польша менен Латвияга өткөн мигранттар көбөйдү