Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 10-августта президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын ордуна министр болуп Эркинбек Осоев дайындалды.
Абдралиева министрликке жетекчи болуп быйыл февралда дайындалган.
45 жаштагы Осоев аталган мекемеде 2006-2017-жылдары иштеп, бир жылча министрдин орун басары болгон. (RK)