Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Жолдошбек Жунушев айыппул төлөп бермей болуп, абактан бошотулду. Ал мамлекетке 180 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.
Мурдагы директорго карата өкүм 16-июлда чыгып, Жунушев сот залынан ошол күнү бошотулганын “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 10-августта билдирди.
Жунушев 2020-жылдын октябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал жетектеген мекемесинде коррупциялык схема түзүп, мыйзамсыз акчаны бөлүштүрүүдө бир бөлүгүн өзүнө алып жүргөнүн билдирген.
Сот Жунушев акча алып жүргөнүнө далил жок экенин белгилеп, айыпты Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинен “Шалаакылык” деген беренеге алмаштырган.
Бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши бир топ азыркы жана мурдагы жетекчилерге козголууда. Бирок алардын камалгандан чыкканы бат болуп жатканы коомчулукта талкууланып келет. (RK)
Дагы караңыз
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнө жаңы орун басар дайындалды Башкы прокуратура Бакиевге тагылган айып жана жаза боюнча маалымат бердиМанасчылар: "Манастын уулу Семетей" тасмасында кемчиликтер барБаткен облусундагы курулуштар жарым-жартылай бүтүп калды