Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнө жаңы орун басар дайындалды


Данияр Жаныкулов
Данияр Жаныкулов

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Данияр Жаныкулов дайындалды.

Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Жаңы орун басар бүгүн, 10-августта жамаатка тааныштырылды. Ал Ахмаджан Махамаджановдун ордуна келди".

Данияр Жаныкулов 41 жашта. Эмгек жолун 1998-2001-жылдары Талас облустук жаштар комитетинин төрагалыгынан баштаган.

2001-2007-жылдары КТРК “Ала-Тоо” программасында кабарчы, жооптуу редактор;

2007-2009-жылдары ЭлТР МТРКсы башкы продюсер;

2009-2011-жылдары Маданият жана маалымат министрлигинде пресс-катчы, министрдин жардамчысы;

2011-2014-жылдары “Ата Журт” саясый партиясынын төрага орун басары;

2014-2015-жылдары “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин төрага орун басары;

2015-2021-жылдары ОсОО “Альянс-Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

3-августта 11 жылдан бери президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген Ахмаджан Махамаджанов ротация жолу менен Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG