Францияда нааразылыктарга карабай өткөрмө режими ишке кирди

Санитардык өткөрмө режимине каршылык билдирип жаткан франциялыктар. Август, 2021-жыл.

"Жашыл паспорт" деп аталган санитардык өткөрмө кагаз 9-августтан тарта Францияда коомдук жайларга кирүү үчүн башкы документ болууда.

Азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн тышкары тамактануучу жайларга, кинотеатрларга, транспортко жана башка коомдук жайларга мындай паспорту жоктор кире албайт. Эмделгени же ПЦР тесттен таза чыкканы тууралуу QR кодду жарандар кагаз жүзүндө же кол телефонунда ала жүрүүгө тийиш.

Алыска каттаган поезддерде да "жашыл пропуск" талап кылынууда. Жүргүнчүлөр платоформаларда гана эмес, вагондордо да текшерилип жатканын Франциянын Транспорт министрлиги маалымдады.

Австрия, Венгрия жана Данияда өткөрмө режими бир нече аптадан бери иштеп жатат. Өткөн жумада бул режимди Италия да киргизген.

Дагы караңыз

"Коррупция илим тармагын да чырмап алды"Талкуу жараткан "Манастын уулу Семетей" тасмасыТеатр дүйнөсүн эңшерген үч жоготуу"Барымтадан кийин оорукчан болуп калдым"COVID-19: Чымкентте атайын оорукана толуп калдыСултанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө: эң катаал чара көрөбүзАялдар үчүн эко-жаздыкчаларды тиккен ата-кызЖөө күлүк Тимановская Беларуста алган медалын аукционго койдуТалибдер белгилүү ооган акынын өлтүрүштү