Economist.kg: Мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) жылдын ортосуна карата 416 миллиард сомдон (4 миллиард 921 миллион доллар) ашканын 9-августта Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына таянып Economist.kg басылмасы жазды.

Бул сумманын 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келери, жыл башынан бери жалпы сумма 7 миллион долларга кыскарганы маалымдалды.

Былтыр өлкөдө мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга өсүп, 5 миллиард долларга чукулдаган. Карыз ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстанда коранавирус жугузуп алгандар акысыз өргүүгө чыгарылуудаСултанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө: эң катаал чара көрөбүзВакцинанын муздаткычын уруксатсыз ачкан аялдын видеосу боюнча териштирүү жүрдүБаткенде төрт миллион сомдук аткезчилик товар кармалды