Төртүнчү ирет ишке ашпаган мэр шайлоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кербен шаардык кеңеши төртүнчү ирет мэр шайлай алган жок

7-августта Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула албады. Кеңештеги 31 депутаттын 15и келип кворум жок болгондуктан шайлоо токтотулду.

Мэр шайлоо шаардык кеңештин күн тартибинде эртең мененки саат 9:00дан 12:00ге чейин деп белгиленген. Бирок отурумга көпчүлүк коалицияны түзгөн «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын депутаттары келген жок.

Дагы караңыз Кербен шаарынын мэри үчүнчү ирет шайланган жок


Буга байланыштуу Кербен шаардык кеңеши таркатылары жана октябрь айына болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоо менен кошо кайрадан шайлоо өтөрү айтылууда.

Буга чейин аталган шаардык кеңеш үч жолу мэрди шайлай алган эмес.

Кербен шаардык кеңеши ушуну менен төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула албады.


Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган.

21-июндагы шайлоодо жалгыз талапкер Медет Айдаралиев талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо токтогон.

Дагы караңыз БШК Кербен шаардык кеңешин таратуу тууралуу президентке кайрылды


5-июлдагы мэр шайлоодо Айбек Атамкулов талапкер болгон, бирок кворум жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Кербен шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар.

Дагы караңыз Эки күчтүн эрегиши ачыкка чыкты