"Кумтөр иши": Темир Сариев эки айга камалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты. УКМК аны 3-августта кармап, "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. Адвокаты соттун бүгүнкү чечимине каршы даттана турганын билдирди.