4-августта Ташкентте Өзбекстан менен АКШнын ортосунда коррупцияга, мыйзамсыз маңзат соодасын жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүүгө укуктук жактан мүмкүнчүлүк берүүчү өкмөттөр аралык документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы тараткан учкай маалыматта бул документтерге Өзбекстан тараптан тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов, ал эми Кошмо Штаттарынын атынан АКШнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Дэниел Розенблюм кол койгону белгиленди.
Документтер коррупцияга, мыйзамсыз маңзат соодасын жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүүгө жол ача турган укук коргоо органдарынын ортосунда маалымат алмашуу, өз ара кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба бөлүшүү сыяктуу иш-аракеттердин жол-жобосун ичине камтыйт.
Дагы караңыз
Министр: Тоют мындан ары кымбаттабайт, арзандайтЧехияда поезддер кагышып, кеминде эки адам каза болдуТажикстанда 143 киши экстремизмге шектелип кармалдыАкадемиянын илимий наамдарына 127 окумуштуу талапкер болуудаБШК Токмоктогу кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныды