Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Министр: Тоют мындан ары кымбаттабайт, арзандайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда тоют мындан ары кымбаттабайт. Бул тууралуу 4-августта айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, коюлган чектөөлөрдүн жана салыктан бошотуунун натыйжасында тоют арзандайт деген божомол бар:

“Кыргызстандан чыгарылып жаткан тоют өсүмдүктөрүнө, азыктык буудайга чектөө коюлду. Өлкөгө импорттолуп келген тоютка салынуучу кошумча нарк салыгы алынып салынды. Жыйноонун башында тоют кескин кымбаттаган. Азыр четтен келип жатат. Мындан ары кымбаттабайт. Тескерисинче, тоют бир топ түрлөрү боюнча арзандайт”.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө быйыл малдын тоюту былтыркыга салыштырганда аз камдалды. 30-июлга карата өлкө боюнча 2,2 миллион тонна тоют өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда бул 360 миң тоннага аз. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG