4-августтун аба ырайы

Сары-Челек.

4-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда Анталияда туристтер бараткан автобус кырсыктады  Тимановскаянын мелдештен четтетилиши иликтенетАла-Тоо аянтында кыргызстандык балбандардын күрөшү көрсөтүлөт