Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Анталияда туристтер бараткан автобус кырсыктады 


Түркия. Анталия.
Түркия. Анталия.

Түркиянын Анталия провинциясында орусиялык туристтер бараткан автобус жол кырсыгына кабылып, төрт киши каза таап, дагы беш адам жаракат алды. Алардын экөө оор абалда реанимацияда экени кабарланды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат таратты.

Орусиялык туристтерди алып бараткан автобус шаардын аэропортун көздөй кетип баратып, Манавгат районундагы башкы шосседе аласалып кеткен. Автобуста Орусиянын 22 жараны, арасында тогуз жаш бала болгон. Туристтер эс алуудан үйлөрүнө кайтып, Орусиянын Самара шаарына учушмак.

Жаракат алган туристтер ооруканага жаткырылганы кабарланды. Жол полициясынын маалыматы боюнча автобустун айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып, андан ары аласалып кеткен. Айдоочу эсине келе албай, оор абалда экени айтылды.

XS
SM
MD
LG