Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов азербайжандык атаандашы Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Биринчи күрөшүндө тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашына 2:3 эсеби менен утулуп калды.
Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт.
Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).
2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.
2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай калды. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес. Ал жылы декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алгачкы атаандашына жеңилип байгесиз калган.
2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган.
Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.
Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)
Дагы караңыз
Кыргызстан спортчуларын тосуп алды Токио-2020: Жуманазарова менен Махмудов алгачкы атаандаштарын уттуАлмаз Мамбетов Ош мэринин милдетин аткарууга кириштиКыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 574 миңден ашты