Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 574 миңден ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 2-августка карата 574 миңден ашты. COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, алардын 116 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Соңку бир күндө вакцинаны 7 миңге жакын адам алды.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңге, каза болгондор 2344 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Ал элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды.

Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30 пайызы 15 жашка чейинкилер. (RK)

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду, 897 бейтап жаңы катталдыТокио-2020: Жуманазарова менен Махмудов алгачкы атаандаштарын уттуАла-Көлдө жоголгон туристтин сөөгү табылдыМьянмада утурумдук өкмөт түзүлөт