Алмаз Мамбетов Ош мэринин милдетин аткарууга киришти

Алмаз Мамбетов Ош шаардык мэриясына тааныштырылууда.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясына тааныштырылып, мэрдин милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Ош шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. 11-июлдагы шайлоодо шаардык кеңешке төрт партия өткөн.

“Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат алышкан. (МТа/MrA)

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду, 897 бейтап жаңы катталдыТокио-2020: Жуманазарова менен Махмудов алгачкы атаандаштарын уттуТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Ала-Көлдө жоголгон туристтин сөөгү табылды