Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 9 адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2344 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 897 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (619), Чүй (66) жана Жалал-Абад (66) облустарында.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 164 743кө жетти.
Бир күндө 1316 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3779 адам жатат, дагы 9913 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.
Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.
15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)
Дагы караңыз
Токио-2020: Жуманазарова менен Махмудов алгачкы атаандаштарын уттуАла-Көлдө жоголгон туристтин сөөгү табылдыМьянмада утурумдук өкмөт түзүлөт Жапаров менен Ташиевдин көлдөгү эс алуусу талкууга түштү