Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова менен грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы Акжол Махмудов алгачкы атаандаштарын жеңди.
Мээрим Жуманазарова Болгариянын спортчусу Мими Христованы 7:5 эсеби менен, Акжол Махмудов атаандашы Тунис өлкөсүнөн келген балбан Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен утту.
Грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды.
Ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт.
Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.
Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Ала-Көлдө жоголгон туристтин сөөгү табылдыМьянмада утурумдук өкмөт түзүлөт Жапаров менен Ташиевдин көлдөгү эс алуусу талкууга түштү