Таласта "Каржы пирамидасына" алдангандар акыйкатчыга кайрылышты

Таласта “каржы пирамидасына” алдангандар. 2021-жылдын 28-июлу.

Таласта “каржы пирамидасынын” курмандыгы болгонун айткандар өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сурап кайрылышты. Бүгүн 28-июлда ондон ашуун жергиликтүү тургун облустук администрациянын алдына чогулуп, акыйкатчынын Таластагы өкүлүнө кайрылуу жолдошту.

Алар укук тартибин коргоо органдары убагында чара көрбөгөнүн белгилеп, облус башчысын, милицияны айыпташты.

"Акыйкат иликтеп, ким канча акча алып кетсе, ошол акчаны элге кайтарып берсин деп жатабыз. Акыйкатчыга кайрылдык. Президенттик аппарат же Ташиев өзү көзөмөл кылса деген сураныч. Бирөө там салууга, дагы бирөө короо салууга деген акчасын көбөйтүп алуу үчүн кошуп, ушундай абалга туш болуп калдык” – деди өзүн Талгат Асылбеков деп тааныштырган адам.

“Азаттыктын” облустагы кабарчысы билдиргендей, жыл башынан бери Талас аймагында элди жакырчылыктан чыгаруу убадасы менен "Эл биримдиги" жана "Авто касса" уюмдары иштеп келген.

Облус башчысы Бакытбек Нарбеков эл менен жолугуп, мыйзамсыз иштер жүрүп жатканын жана акчасын кайтарып ала албай коркунучу бар экенин элге эскерткен.

Милиция түшкөн арыздардын негизинде үч адамды камакка алганын билдирген.

Учурда Таласта төрт миңге жакын адам акчасын ала албай жүргөнү айтылууда. Арасында 20 миңден 800 миң сомго чейинки акчасын салгандар бар.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, быйыл биринчи жарым жылдыкта “каржы пирамида” ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн сом экени айтылган.

Жазык кодексинде “Каржы пирамидаларын уюштуруу” деген 214-берене бар. Ал боюнча жаза чарасы беш жылга чейинки мөөнөттү түзөт. (MKt)

Дагы караңыз

Адвокат: Бабановго Кыргызстанда диагноз кое албай жатышатКумтөрдө алтын чайкоочу фабрика жылдык оңдоп-түзөөдөн өттү Сот БШКнын "Биздин Кыргызстан" партиясы боюнча чечимин жокко чыгардыУлукбек Ормонов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин сынга алды